“Ак-Тилек” бекетинде унаалардын узун тыгыны пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” бекетинде унаалардын узун тыгыны пайда болду. УКМКнын Чек ара кызматы мунун себебин Кыргызстандан башка мамлекеттерге айыл чарба өнүмдөрүнүн экспорту көбөйгөнү менен түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, башка өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат, узун кезек жок.

 

Эске салсак, өткөн жумада Талас облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрүү бекетинде дагы жүк ташыган машиналардын тыгыны азайбай жатканы Жогорку Кеңештин жыйында айтылган. Мындан улам, «Кичи-Капка» чек ара бекетин ачуу сунушталган.