Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Казармандагы аэродромду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аэродромдун учуу-конуу тилкеси, учактын токтоочу жайлары жана башка бөлүктөрүнө туурасы 5 метр болгон жалпы 410 метр асфальт төшөлдү. Иштерди «Кыргызавтожол» ишканасынын Нарын филиалы аткарып жатат.