Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июнунан тарта полиэтилен баштыктарын сатуу жана колдонууга тыюу салынат

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июнунан тарта полиэтилен баштыктарын сатуу жана колдонууга тыюу салынат. Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорду үч окууда жактырды.

 

Белгилеп кетсек, документ полимердик материалдардын ден-соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуулугун азайтуу максатында иштелип чыккан. Бир жолку колдонулуучу баштыктардын ордуна био кутуларды колдонуу сунушталууда. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.