“Социалдык келишим” долбоорунун алкагында 7 миң 700 адам айыл чарба тармагында ишкерлик ачты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мал чарбачылык боюнча 7 миңден ашык киши бизнес баштады.
120 долбоор өсүмдүк өстүрүү боюнча, ал эми 118 долбоор бал чарбачылыгы боюнча ишке ашты.
Өлкө аймагында 20 күнөскана жана 70 канаттуу фермасы ачылган. Дагы 6 келишим балык чарбачылыгына багытталды. Ведомстводон белгилешкендей, программанын катышуучулары жеке ишкер гана болбостон, акырындап жаңы жумуш орундарын дагы түзүүдө.