Келе жаткан ишембиде Ала-Тоо аянты унаа кыймылына жабылат

Келе жаткан ишембиде Ала-Тоо аянты унаа кыймылына жабылат.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, чектөөлөр кечки саат 6дан түн жарымга чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкесинде киргизилет.

 

Мындай чара Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кыл, байге утуп ал”  лотереясына байланыштуу кабыл алынат. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп түзүп алуу сунушталат.