“Кыргыз шырдагы” фестивалындагы эң чоң шырдак 400 миң сомго сатылды

“Кыргыз шырдагы” фестивалындагы эң чоң шырдак 400 миң сомго сатылды.

 

Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ал Нарын районунун Учкун айылында жасалган.

 

Эң ири шырдакты Казакстандан келген коноктор сатып алды. Эске салсак, ушул күндөрү Нарын облусунда шырдак фестивалы өтүп жатат, ага 170 өлкөдөн келген 1 миңден ашык адам катышууда.