Нарын облусунда жаңы мектеп пайда болот. 100 орундуу объект Жумгал районунун Лама айылында жайгашат. Тендерди облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.
Бул максатта 80 миллион сом бөлүнөт. Окуу корпусунан тышкары мектепте футбол, баскетбол жана волейбол аянттары каралат.