Мексикада адаттан тыш үйлөнүү той катталды. Сан-Педро-Уамелула шаарынын мэри Виктор Уго Соса аллигатор менен баш кошту.
Жергиликтүү салттарга ылайык, рептилияга үйлөнүү – ыйык жөрөлгө болуп эсептелет.
Муну менен мексикалыктар жерине тынчтык, бакубатчылык, мол түшүм жана кургакчылыктан сактаган жаан-чачын чакырат. Той учурунда Алисия Адриана аттуу аллигаторго майрамдык көйнөк жана гүлдөрдөн таажы кийгизип коюшкан.