Кыргызстан Түркияга визасыз режимдин мөөнөтүн узартууну сунуштады

Кыргызстан Түркияга визасыз режимдин мөөнөтүн узартууну сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Биздин өлкөнүн Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушууда Кыргызстандын жарандары үчүн Түркиядагы визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин узартуу маселесин көтөрдү.

 

Ошондой эле Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү өтүнүчү айтылды. Өз кезегинде Мехмет Акташ кыргыз тараптын сунуштарын кароого даяр экендигин билдирген.