Жалпы республикалык тестирлөөдө эң мыкты көрсөткүчтөр менен алдыга чыккан мектептер аталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектеги физико-математикалык мектеп-лицей биринчи орунда турат.
Анын 7 бүтүрүүчүсү “Алтын сертификатка” ээ болду. Төрттөн бүтүрүүчүсү менен №26 гимназия жана Кыргыз-орус славян университетинин мектеби экинчи орунда турат.
№70 мектептин 3 окуучусу дагы жогорку упайларды алды. Белгилеп кетсек, ЖРТнын алтын сертификаттарына өлкө аймагында 57 бүтүрүүчү ээ болду. Алар каалаган жогорку окуу жайда акысыз билим ала алат.