Оштун Жапалак айылында жаңы ФАП ачылат

Оштун Жапалак айылында жаңы ФАП ачылат. Курулуш иштери башталганын түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, фельдшердик-акушердик түйүн бардык тиешелүү жабдуулар менен камсыздалат.

 

Ошондой эле, медициналык жайдын өзүнчө буу казаны болот деп пландалууда. Курулуш иштери жыл аягына чейин жыйынтыкталат.