Таласта жаңы мектеп ачылды

Таласта жаңы мектеп ачылды. Талас районуна караштуу Балбал айылындагы жалпы билим берүү мекемеси 192 окуучуга чакталган.   Ал бардык заманбап жабдуулар менен камсыздалып, мектепте окуу класстарынан тышкары китепкана, спорт зал, ашкана, медициналык кабинет жана башка керектүү жайлар бар.

Бишкек мэриясы “Менин шаарым” уюлдук тиркемесин ишке киргизди

Бишкек мэриясы “Менин шаарым” уюлдук тиркемесин ишке киргизди. Бул автоматташтырылган система аркылуу шаардагы маселелер тууралуу арыз жөнөтүү жөнөкөйлөштүрүлүп, жооп алуу кыйла тез болот, — дешет муниципалитеттен.   Андан тышкары, тиркеме коомдук транспорттун кыймылы тууралуу маалыматты реалдуу убакыт режиминде көрсөтүп турат.   Белгилеп кетсек, соңку кездери… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу старт алды

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу старт алды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 4 этап болот. Биринчиси  19-июлга чейин созулса, экинчиси 24-июлдан 26сына чейин.   Үчүнчү этап  31-июлда старт алып, 2-августта токтотулат, ал эми соңку төртүнчү этап 7синен 9-августка чейин жүргүзүлөт.   Арыздарды жана… Кененирээк…

Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды

Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды. Бул максатта Айыл чарба министрлиги Россиядан биздин өлкө климатына ылайыктуу көп жылдык өсүмдүктөрдүн 100 тонна уругун сатып алды.   Себүү күз айларында жүргүзүлөт. Жалпысынан 10 миң гектар жер айдалат. Ал эми ведомство маалыматы боюнча, Кыргызстанда 250 миң гектар… Кененирээк…

Ленин округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-сентябрдан кеч эмес жарыяланат

Ленин округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгы 24-сентябрдан кеч эмес жарыяланат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Комиссия маалыматы боюнча, 5 пайыздан ашык добуш чогулта алган талапкерлерге 100 миң сомдук күрөө акысы кайтарылат.   Калган акча мамлекеттик бюджетке которулат. Ар бир талапкер жараянга 10 миллион сомго чейин гана… Кененирээк…

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Гиннесстин рекорддор китебине эң бай спортчу катары кирди

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Гиннесстин рекорддор китебине эң бай спортчу катары кирди. Forbes эсептөөсү боюнча, Роналдунун 12 айда тапкан кирешеси 136 миллион доллар болду.   Спортчу кирешенин 46 миллион долларын оюндан, калган 90 миллион долларын футболдон тышкары жактан тапкан. Лионель Месси 130 миллион доллар кирешеси… Кененирээк…

Дем алыш күндөрү Бишкек — Кордай жана Бишкек — Чолпон-Ата трассасында жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү Бишкек — Кордай жана Бишкек — Чолпон-Ата трассасында жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жолго кошумча посттор коюлуп, катуу айдаган, ичип алган, каршы тилкеге чыккан айдоочуларга чара көрүлөт. Андан тышкары, тоодо эс… Кененирээк…

Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция, Сары-Өзөн жана Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатат

Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция, Сары-Өзөн жана Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатат. Бул тууралуу Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков “Азаттыкка” билдирди.   Эске салсак, 14-июнда Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары Бишкектин Жайыл баатыр көчөсүндө нааразылык акциясын өткөрүп, жолду бууганга аракет… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматынын системаларында бүгүн жана 23-24-июлда техникалык жумуштар жүргүзүлөт

Мамлекеттик салык кызматынын системаларында бүгүн жана 23-24-июлда техникалык жумуштар жүргүзүлөт. Буга байланыштуу “Электрондук товар транспорттук коштомо кагаз” модулу жана атайын операторлордон отчет кабыл алуу сервиси убактылуу иштебейт.   Техникалык иштер жумуштун сапатын жакшыртуу жана маалымат системаларындагы процесстерди жөнөкөйлөтүү максатында аткарылып жатат.

Кыргызстандыктарга электрондук кол тамганы онлайн режимде жана чет өлкөдөгү элчиликтерден дагы алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыргызстандыктарга электрондук кол тамганы онлайн режимде жана чет өлкөдөгү элчиликтерден дагы алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 1-августтан тарта бир жыл бою “булуттун” негизиндеги электрондук кол тамганы аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…