Кыргызстандыктарга электрондук кол тамганы онлайн режимде жана чет өлкөдөгү элчиликтерден дагы алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыргызстандыктарга электрондук кол тамганы онлайн режимде жана чет өлкөдөгү элчиликтерден дагы алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, 1-августтан тарта бир жыл бою “булуттун” негизиндеги электрондук кол тамганы аралыктан алуу мүмкүнчүлүгүн киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат.

 

Белгилеп кетсек, электрондук кол тамга салык декларациясын тапшырууга, “Түндүк” электрондук порталында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан алууга шарт түзөт.