Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Гиннесстин рекорддор китебине эң бай спортчу катары кирди

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Гиннесстин рекорддор китебине эң бай спортчу катары кирди. Forbes эсептөөсү боюнча, Роналдунун 12 айда тапкан кирешеси 136 миллион доллар болду.

 

Спортчу кирешенин 46 миллион долларын оюндан, калган 90 миллион долларын футболдон тышкары жактан тапкан. Лионель Месси 130 миллион доллар кирешеси менен экинчи орунда. Үчүнчү сапта ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе турат. Ал бир жыл ичинде 120 миллион доллар тапты.