Дем алыш күндөрү Бишкек — Кордай жана Бишкек — Чолпон-Ата трассасында жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү Бишкек — Кордай жана Бишкек — Чолпон-Ата трассасында жол кыймылына көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жолго кошумча посттор коюлуп, катуу айдаган, ичип алган, каршы тилкеге чыккан айдоочуларга чара көрүлөт. Андан тышкары, тоодо эс алууну каалагандар көп болуп жаткандыгына байланыштуу эс алуу жайларына жакын жерде рейд жүргүзүлүп турат.