Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды

Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды. Бул максатта Айыл чарба министрлиги Россиядан биздин өлкө климатына ылайыктуу көп жылдык өсүмдүктөрдүн 100 тонна уругун сатып алды.

 

Себүү күз айларында жүргүзүлөт. Жалпысынан 10 миң гектар жер айдалат. Ал эми ведомство маалыматы боюнча, Кыргызстанда 250 миң гектар жайыт калыбына келтирүүгө муктаж.