Лондондук “Арсенал” эң кымбат курамга ээ болгон клуб аталды

Лондондук “Арсенал” эң кымбат курамга ээ болгон клуб аталды.

 

Муну менен лондондуктар “Манчестер Сити” менен “Пари Сен-Жерменди” артта калтырды. Мындай макамды клуб жарым коргоочу Деклан Райсты сатып алуу менен алды.

 

Футболчулардын жалпы баасы 1 миллиард 210 миллион еврону түзөт. Андан кийинки орунда Англиянын чемпиону жана Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү “Манчестер Сити” турат – анын жалпы курамынын баасы 1 миллиард 190 миллион евро.