Бишкектин Жал кичи районундагы сквер көрктөндүрүлөт

Бишкектин Жал кичи районундагы сквер көрктөндүрүлөт. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Ага ылайык, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы эс алуу аймагын калыбына келтирүүгө 20 миллион сомдон ашык багыттайт.

 

Сквер Ахунбаев – Курчатов көчөлөр кесилишинде жайгашкан.