Ленин шайлоо округу боюнча талапкерлигин 7 адам жылдырды

Ленин шайлоо округу боюнча талапкерлигин 7 адам жылдырды. БШК маалыматына ылайык, алардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөндөр. Талакерлерди жылдыруу 10-августка чейин созулат.

 

Комиссиядан такташкандай, бул кайра шайлоо болгондуктан, талапкерлерди жылдыруу, каттоо жана үгүт жүргүзүү сыяктуу жараяндардын мөөнөтү үчкө кыскарат.

 

Эске салсак, Ленин шайлоо округу боюнча парламент депутатына добуш берүү 10-сентябрга белгиленди.