Кыргызстанда “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол коюлду. Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда жактырган.
Конституциялык мыйзамдын долбоорун президент сунуштаган жана депутаттардын сын-пикиринен кийин аны кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ага ылайык, мыйзамдагы 22 берене 15ке чейин, делегаттардын саны 1 миң 70тен 700гө кыскарды.
Ошондой эле делегаттар шайлангандан кийин курултай аяктары менен ыйгарым укуктары токтотулары жазылган.