Кыргызстанда күйүүчү май бир айда 2-3 сомго кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү май бир айда 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.   Маалыматка ылайык, 31-июлда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин орточо 64 сом 96 тыйындан сатылды. 30-июнда анын баасы 62 сом 8 тыйын болчу. АИ-92 бир айда 56 сом 71 тыйындан 58 сом 23… Кененирээк…

Япониянын борборундагы вокзалда котормочу аппарат иштеп баштады

Япониянын борборундагы вокзалда котормочу аппарат иштеп баштады. Каалоочулар аны менен 11 тилде баарлаша алат. Алардын арасында англис, француз, испан жана кытай тилдери бар.   Дисплей алгач сөздөрдү япон тилинде көрсөтөт. Андан соң экранга котормочунун жообу чыгат.   Ошентип, өлкөнүн негизги темир жол оператору чет өлкөлүктөргө… Кененирээк…

Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кыргызстандын валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, жыл башынан бери доллардын сомго карата расмий курсу 2,37 пайызга өскөн. Бул убакыт аралыгында өлкөнүн башкы каржы мекемеси 10 жолу интервенция жүргүзүп, рынокто 500 миллион доллар сатты.… Кененирээк…

Кыргызстанда эки жолу жер титиреди

Бүгүн, 1-августта Кыргызстанда эки жолу жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.   Жердин силкинүүсү биринчи ирет саат 04:03 катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Силкинүү Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында Ысык-Көл облусунда катталган.   Жер экинчи ирет саат 08:03тө, ошол эле… Кененирээк…

Кочкор районунда спорттук бут кийим чыгарган фабрика ачылды

Кочкор районунда спорттук бут кийим чыгарган фабрика ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Ишканада 63 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул жерде күн сайын 2 миң жуп бут кийим чыгарылат.   Ишкана Нарын шаарынын эркин экономикалык аймагына кирет. Долбоорго 2 миллион… Кененирээк…

Жакын арада шоколаддын баасы кескин кымбатташы мүмкүн

Жакын арада шоколаддын баасы кескин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg билдирди.   Басылманын маалыматына караганда, дүңүнөн сатылган какао буурчактарынын баасы акыркы он жылдагы эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү. Кырдаал нөшөрлөп жааган жамгыр жана какао плантацияларын жок кылган оорулар менен байланыштуу.   Мындан улам дүйнө жүзүндө аларды… Кененирээк…

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат

Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка чейин алынат. Буга чейин асфальт төшөө иштери аяктап, учурда жол сызыктары чийилүүдө, — деп билдирди Унаа жана жолдор министрлиги.   Эске салсак, июндун башынан бери Бишкек – Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелди калыбына келтирүү иштери жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр… Кененирээк…

Жарым жылда Ош шаарында өнөр жай багытындагы 71 ишкана ачылды

Жарым жылда Ош шаарында өнөр жай багытындагы 71 ишкана ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул аралыкта 450 жаңы жумуш орду түзүлүп, 200 миллион сомдон ашык инвестиция тартылган.   Алты айда ошондой эле өнөр жай ишканалары тарабынан 4 миллиард 85 миллион сомдук… Кененирээк…

Ош: Кара-Сууда заманбап 17 аялдама курулат

Кара-Суу шаарында заманбап 17 аялдама курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда эски аялдамаларды бузуу менен биргеликте мыйзамсыз курулуштардан арылуу иштери жүрүп жатат.

Бүгүнтөн тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Бул чара ири энергетикалык объектилерге жер берүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана аларды курууну тездетүү максатында кабыл алынган.   Мындан тышкары, эми энергетика компаниялары жабдууларды тендерсиз эле бир булактан сатып ала алышат.   Республикада жети ири гидроэлектростанция… Кененирээк…