Иранда ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды

Иранда ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазышкандай, аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүнөн кийин мамлекеттик мекемелер, банктар жана мектептер бүгүн жана эртең иштебей турган болду.

 

Соңку учурда Иранда абанын температурасы 40 градуска чейин жетүүдө. 1-августта ордо калаа Тегеранда 38 градус ысык катталды.