Төө-Ашуудагы туннелге киргизилген чектөөлөр бүгүн күндүзгү саат 4ттөн кийин алынат. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-августка чейин пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда аяктады.
Эске салсак, Бишкек – Ош жолундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу унаа кыймылына 10 саатка чейин чектөөлөр киргизилип жаткан.
Алдыда туннелдин кире беришин жана айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү иштери башталат. Бирок жол жабылбайт.