Кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ылайыкташкан жерлер тоскоолдуксуз трансформацияланат

Кичи ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын курууга ылайыкташкан жерлер тоскоолдуксуз трансформацияланат. Мындай тапшырманы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев берди.

 

Маалыматка ылайык, жашыл энергетика фондуна чакан ГЭСтерди, күн жана шамалдан электрди өндүрүү станцияларын курууга Кочкор жана Айтматов райондорунан 34,5 гектар жер бөлүнүп берилген. Өкмөттөн белгилешкендей, Кыргызстанда 88 чакан ГЭС курса болот.

 

Быйыл республика боюнча 137,5 мегаватт кубаттуулуктагы кичи ГЭСтер ишке берилери айтылды.