Президент Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер соода-экономикалык маселелерди талкуулады.
Президент чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын (эркектер арасында) финалына катышты.
Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1991-жылы түзүлгөн. Бул өлкөнүн элчилиги Бишкекте 2020-жылы ачылган. Ошол эле жылы стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларация кабыл алынган.
Эки өлкө негизинен айыл чарба, фармацевтика тармактарында кызматташат. Ондогон кыргызстандык студент Венгриянын жогорку окуу жайларында квоталык негизде билим алат.