Кыргызстандыктар эми Мальдив өлкөсүнө визасыз бара алат. Мамлекеттер ортосунда макулдашуу 20-августта күчүнө кирди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.
Документ жарандарга аталган өлкөгө визасы жок кирүүгө, чыгууга, транзитке жана өлкө аймагында 30 күн болууга уруксат берет.