Ысык-Көлдөгү каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет

Ысык-Көлдөгү каралбай калган 15 пансионат 49 жылга ижарага берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жогорудагы пансионаттар мамлекетке же мамлекеттик мекемелерге таандык.

 

Инвестиция салууга, оңдоп-түзөп, мейманкага курууга кызыккандар Мамлекеттик мүлк агенттигине кайрылса болот. Бирок Жапаров сөз кайсы пансионаттар тууралуу болуп жатканын тактаган жок.

 

Эске салсак, ушул айдын башында Ысык-Көлдөгү төрт пансионат өзбекстандык компанияларга 49 жылдык башкарууга берилген.