Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылды.
Калаанын Ленин көчөсү Ош-Бишкек унаа жолунун айланма жолунан тартып, Барпы-Сейил көчөсүнө чейинки бөлүгү түшкү саат 12ге чейин толугу менен чектелет. Мунун себеби “Барселона” футбол клубунун академиясынын ачылышына карата өтө турган иш-чарага байланыштуу.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Ленин көчөсүнүн жээктерине автоунаа токтотпоону өтүнөт.