Түндүк-түштүк жолундагы «Көк-Арт» тоннелин казуу толугу менен аяктады

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы «Көк-Арт» тоннелин казуу толугу менен аяктады. Унаа жана жолдор министрлиги билдиргендей, учурда бекемдөө иштери жүрүп жатат.

 

Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Казарман — Жалал-Абад тилкесинде жайгашкан. Узундугу 3 миң 890 метр, туурасы 10 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт.

 

Объект даяр болгондон кийин карама-каршы чыккан жүк ташуучу машиналар эркин өтө алат. Долбоордун баасы 136 миллион доллар, — деп айтылат маалыматта.