Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси жоюлду.
Novosti.kgге Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдиргендей, учурда унаалардын кезеги жок. Бардык өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп жатат.
Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги 20-августта каттала баштаган. Жалпысынан коңшу өлкө аймагына кирүү үчүн кезекте турган унаалардын саны 600дөн ашкан.