Улуттук банкта дээрлик 50 тонна алтын сакталып турат

Улуттук банкта дээрлик 50 тонна алтын сакталып турат. Бул тууралуу банктын башкармалыгынын жетекчиси Азат Козубеков билдирди.

 

Маалыматка ылайык, алтындын баасы 2,5 миллиард доллардан ашат.

 

Эске салсак, өлкөнүн башкы каржы мекемесинин төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жыл башынан бери сыртка 4 тоннадай алтын сатылганын буга чейин айткан.