Жалал-Абадда эки жаңы мектеп ачылды

Жалал-Абадда эки жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагындагы орто мектеп 150 орунга ылайыкташып, эки кабаттан турат. Заманбап мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 43 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

 

Ал эми Авлетим айыл аймагында жайгашкан 225 орундуу объектке 66 миллион сом сарпталган.