Токтогулдун Торкен айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Токтогулдун Торкен айылында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, курулушка республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

 

Билим уясынын курулушуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрү капсула салды.