Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

 

Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга көбөйөт.

 

Бирок жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.