Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорду кабыл алды. Ага ылайык, аталган органдын чыгарган тыянагы айрым учурда акыркы болуп саналбайт.

 

Президенттин жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен кайра каралууга жатат. Конституциялык соттун чечими бир нече иштер боюнча, анын ичинде “кыргыз элинин баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине” каршы келсе, кайра каралат. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.