Кыргызстанда казиного экинчи лицензия берилди

Кыргызстанда «Казино Кристал» ишканасына лицензия берилди. Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, март айында каттоодон өткөн «Казино Кристал» кумар оюндарына лицензия алуу үчүн 84 миллион сом төлөгөн. Бул өлкөдө расмий түрдө казиного берилген экинчи лицензия.

 

«Казино Кристал» ишканасынын атын атагысы келбеген өкүлү «Азаттыкка» казино иштеп баштаганын ырастады.

 

Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, «Казино Кристал» ишканасынын жетекчиси катары Масалбеков Арсен Масалбекович көрсөтүлгөн. Негиздөөчүлөрү болуп Үмөталиев Сүйүнбек Камчыбекович, Айткулов Назим Майрамбекович, Асанов Чубак Дамирович жазылган.

 

Кыргызстан учурда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган «Гранд казино» гана иштеп жаткан. Ал президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Бул казино жыл башынан бери 46 миллион сом салык төктү.

 

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын 1-январында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

 

Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд. сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.