Окумуштуулар балдын дагы бир пайдалуу касиетин табышты

Окумуштуулар балдын дагы бир пайдалуу касиетин табышты. Көрсө, ал уйку көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет экен.   Муну испаниялык окумуштуулар ыктыярчылар тобу менен болгон эксперименттердин жүрүшүндө аныкташкан. Алсак, 700 киши үч ай бою түндө бир кашыктан бал ичишкен.   Эксперимент аяктаганда алардын 650сү уйкусу жакшырып калганын… Кененирээк…

Бийлик «Жунда» заводунун жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын «Жунда» ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.   Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси… Кененирээк…

Бишкектен туруктуу негизде жүргүнчү поезддер Россиянын үч шаарына каттайт

Бишкектен туруктуу негизде жүргүнчү поезддер Россиянын үч шаарына каттайт. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, курамдар Самара, Казань жана Новосибирск шаарларына барат.   Самарага поезд жумасына эки ирет – шаршемби, жума күндөрү, Казанга дүйшөмбү күндөрү жана Новосибирскке 8 күндө бир каттайт. Билет баасы жана башка… Кененирээк…

АКШда актер Бен Аффлек жана ырчы Дженнифер Лопес ижарага алган үй сатылат

АКШда актер Бен Аффлек жана ырчы Дженнифер Лопес ижарага алган үй сатылат. Турак-жай 85 миллион долларга бааланууда. Анда 12 уктоочу бөлмө, оюн залы, бильярд столу менен бар жана шарап үчүн атайын жер төлөсү бар.   Негизги имараттан тышкары, үйдө чоң бассейн жана өзүнчө коттедж дагы… Кененирээк…

Бишкектин Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүрүүдө

Бишкектин Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык курулуш иштери жүрүүдө.   Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган бөлүктө учурда “Жашыл чарбанын” жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылды.   Ошондой эле Чүй проспектисин бойлой 1 миң 500… Кененирээк…

Бишкекте видео байкоо камераларын орнотуу уланууда

Бишкекте видео байкоо камераларын орнотуу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, эми алар борбордук бөлүктө гана эмес, шаар четинде дагы пайда болду. Долбоорду ишке ашырууга каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.   Жалпысынан ордо калаада 2 миңден ашык камера орнотуу пландалууда. Алар күндүз дагы, түнкүсүн дагы түстүү кылып тартууга… Кененирээк…

Бишкекте ундун тартыштыгы жок

Бишкекте ундун тартыштыгы жок.   Буга Монополдукка каршы жөнгө салуу мамдекеттик кызматы ишендирүүдө. Ведомство маалыматына ылайык, базаларда жана ун иштетүү ишканаларында запастар жетиштүү.   Кызматтын өкүлдөрү шаар ичинде мониторинг жүргүзүп, азыкка болгон баалар туруктуу экенин аныкташты. Бишкекте нан жана ундун наркына көзөмөл жүргүзүү боюнча иштер… Кененирээк…

Португалиянын жылдыздуу форварды Криштиану Роналду жеңилүүсүз беттештер боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту

Португалиянын жылдыздуу форварды Криштиану Роналду жеңилүүсүз беттештер боюнча дүйнөлүк рекорд орнотту. Ал 1 миң 1 оюнду утулбай өткөргөн биринчи футболчу болуп калды.   Бул тууралуу Футбол тарыхы жана статистикасы боюнча эл аралык федерация маалымдайт.   1 миң 1 беттештин 28ин Роналду “Аль-Насрдын” курамында ойносо, 284ү… Кененирээк…

Кыргызстанда COVID-19дун кооптуу түрү тарады деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда COVID-19дун кооптуу түрү тарады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл башкармалыгынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, WhatsApp тайпаларда COVID-19дун “уулуу” жана “өлүмгө алып келе турган” түрү жайылып жатат деген билдирүүлөр тарап жатат. Алар чындыкка дал келбейт. Жарандарга… Кененирээк…

Кыргызстанда кышында “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда кышында “жөнгө салуу иш-чаралары” киргизилиши мүмкүн.   Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, тармакка ашыра жүк келген учурда бир-эки саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн.   Бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл. Чиновник белгилегендей, соңку учурларда жабдууларга күч келүү өсүүдө, андыктан,… Кененирээк…