Жол эрежесин бузган айдоочулар мамлекеттик бюджетти дээрлик 400 миллион сомго толуктады

Жол эрежесин бузган айдоочулар мамлекеттик бюджетти дээрлик 400 миллион сомго толуктады. Жыл башынан берки 9 айга жыйынтыкты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы чыгарды.

 

Ага ылайык, январь айынан тарта 746 миңден ашык айдоочуга карата протокол түзүлүп, 396 миллион сомго айып салынды.

 

Бузуулардын басымдуусу ылдамдыкты жогорулатуу, коопсуздук курун тагынбай жүрүү, жол белгилерине баш ийбөө, тиешелүү документтери жок унаа башкаруу жана мас абалында рулга отуруу фактыларына байланыштуу болгон.