Бүгүнтөн тарта Бишкекте №226 автобус жүрүп баштады. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, автобустук каттам маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында жана шаар тургундарынын көптөгөн суранычтарынан кийин пайда болду.
Ал буга чейинки 226-маршрутканы алмаштырды. Автобус Асанбай кичи районунан Дордойго чейин барат.
Муну менен ал шаардын түштүк тарабы менен түндүк бөлүгүн бириктирет. Коомдук транспорт 10 мүнөт сайын каттайт. Линияда 20 автобус иштейт.