Ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө жылуулукту эсептей турган “акылдуу эсептегичтер” орнотулуп жатат.
“Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында жалпысынан 2 миң 210 батирде мындай шаймандар пайда болот.
Алар керектелген жылуулукту жана ысык сууну өлчөп, маалыматты бирдиктүү серверге өткөрүп турат.