Грэпплинг боюнча курама команда дүйнөлүк оюндарда эки коло медаль жеңди

Сауд Аравияда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда Кыргызстандын грэпплинг боюнча курама командасы эки коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, байгеге Сыймык Махмедов жана Евгений Слесаренко ээ болушту.

 

Эске салсак, буга чейин самбо боюнча курама команда үч коло медалга татыктуу болсо, каратэ боюнча Назым Нурланов күмүш медаль тагынган.

 

Эр-Рияддагы спорттук мелдеш 30-октябрда жыйынтыкталат.