2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 19 млрд сомдон ашат деп күтүлүүдө

2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 19 миллиард сомдон ашат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

 

Чиновник кошумчалагандай, келерки жылы бюджеттин киреше бөлүгү 378 миллиард сом, чыгаша бөлүгү 358 миллиард сом болот.

 

Ал эми бюджеттин профицитин тышкы жана ички карызды жабууга жумшоо пландалууда, — деди Бакетаев.