Кызыл диплому барларды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталды

Кызыл дипломдуу жарандарды кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизүү сунушталды. Жогорку Кеңештин тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

 

Демилгечилер муну менен жаш адистердин өлкөдөн чыгып кетишин алдын алгысы келет. Ага ылайык,  ЖОЖду “кызыл” менен аяктагандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарды ээлөөдө артыкчылык берүү сунушталып жатат.

 

Белгиленгендей, Кыргызстанда жаштар ийгиликтүү ишке орношууда көпчүлүк учурда тааныштар чечүүчү роль ойнойт деп эсептешет.