Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 987 млн долларга жетти

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 987 млн долларга жетти. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, мунун ичинен 4 млрд 486 млн доллар тышкы карыз, 1,5 млрд доллар ички бересе.

 

Мамлекеттик карыздын көлөмү июнь айынан бери 364 млн долларга өскөн.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан тышкы карызды төлөө үчүн быйылкы тогуз айда 22,5 млрд сом сарптады.