Бишкекте №102 жана №162 маршруттук таксилердин ордуна автобустар кое берилди

Бишкекте №102 жана №162 маршруттук таксилердин ордуна автобустар кое берилди. 102-каттам Тунгуч кичи районунан башталып, Ош базарына чейин барат. Жалпы узундугу 25 чакырымдык линияда коомдук транспорт 10 мүнөт сайын жүрөт.

 

Ал эми №162-автобус Новопокровка айылынан 12-кичи районго 12 мүнөт сайын каттайт.