Россия президенти Владимир Путин жыл адамы наамына талапкерлердин тизмесине кирди

Россия президенти Владимир Путин жыл адамы наамына талапкерлердин тизмесине кирди. Америкалык “Таймс” басылмасынын рейтингинин кыска тизмесинде 9 адам бар. Жеңүүчүнүн ысымы эртең, 6-декабрда жарыяланат.

 

Талапкерлердин арасында үчүнчү ирет Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Голливуддун каршылык акциясына чыккан сценаристтери жана актерлору, рекорддук киреше тапкан ырчы Тейлор  Свифт бар.

 

Ошондой эле быйылкы талапкер катары жасалма интеллектти ойлоп тапкан компаниянын негиздөөчүсү Сэм Альтман дагы көрсөтүлдү.