Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн улам 60 киши эвакуацияланды

Бишкектин А.Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, жерине жалпы үч күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылып, тилсиз жоо эртең мененки саат 08:09да толугу менен өчүрүлдү. Анын кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки подъездеги электр калкандары күйүп кеткен.

 

Куткаруучулар өрт болгон аймактан болжол менен 60 адамды эвакуациялады. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

 

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымдары такталууда.