Кыргызстанда жакын арада турак жайды каржылоонун жаңы этабы башталат

Кыргызстанда жакын арада турак жайды каржылоонун жаңы этабы башталат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчи орун басары Амантур Өмүровдун айтымында, кеп үлүштүк курулуш жөнүндө болуп жатат.

 

Бул механизм бардык категориядагы жарандар үчүн жеткиликтүү болот. Аны мигранттар да пайдалана алышат.

 

Маалым болгондой, жаңы жылда өлкөнүн бардык аймактарында жер тилкелери бөлүнүп, долбоорлоо менен ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталат.

 

Каражаттар ар кандай булактардан – мамлекеттик бюджеттен, Германия өнүктүрүү банкынан, Сауд өнүктүрүү фондунан жана Ислам өнүктүрүү банкынан алынат.