Калкты тейлөө борборлору жаңы графикке өттү

Бүгүнтөн тарта Кыргызстандагы бардык ири Калкты тейлөө борборлору таңкы саат 8ден кечки 6га чейин түшкү тыныгуусуз иш графигине өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

Мекеме буга чейин эки ири Калкты тейлөө борборунда киргизилген пилоттук долбоор натыйжасыз болгонун белгиледи. Тагыраагы, кечки 8ге чейин иштөө убактысы калк арасында талап кылынбагандыгы аныкталган.

 

Мындан улам, ведомство эми түшкү тыныгуусуз иштөө чечимин кабыл алды. Жаңы график мамлекеттик кызматтардын үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу менен кезек күтүү убактысын азайтууга багытталган.