Бишкекте жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери уланууда

Бишкекте жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери уланууда. Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, учурда жеринде 1 миңге жакын кызматкер иштеп жатат. Аларга сый акы карала турганын буга чейин министрлер кабинетинен билдиришкен.

 

Ошондой эле 19 жеке курулуш компаниясы калыбына келтирүү иштерине жардам берип жатат.

 

Ал эми иштеп жаткан кызматкерлерге ысык тамак берүү коомдук тамактануу жайларына жүктөлдү. Эске салсак,  2-февралга караган түнү ЖЭБде авария катталды. Жыйынтыгында 5 адам жабыркап, шаар тургундары ысык суусуз жана жылуулугу жок калды.